Өлкөбүздөгү эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезити өзүнүн Инстаграмдагы достору үчүн #Бештичап оюнун жүргүзүп жатат. Оюндун шарттары эң жөнөкөй. “Супер-Инфо” гезитинин Инстаграмдагы баракчасында табышмак катылат. Анын жандырмагын окурмандар гезиттен табышы керек. Гезиттин ар бир санында табышмактын жообун жазып толтуруу үчүн атайын орун бар. Ал жерге окурмандар өздөрүнүн аты-жөнүн жана гезиттен тапкан жоопту жазып, сүрөткө тартып Инстаграмдагы баракчасына #Бештичап хэштегин кошуп жайгаштырат. Ошондой эле аталган социалдык тармактагы гезиттин расмий баракчасын (@super_info_official) белгилөө керек. Ар аптанын жума күнү башталган оюн шейшембиге чейин уланып, шейшембиде түз эфирде жеңүүчү аныкталат. Жыйынтыгында 5 бактылуу окурман 1000 сомдон белекке ээ болот.

super kg супертв видеоклип супер кг super.kg super kg нурлан насипsuper kg медиа портал 2018super kg жанылыктарsuper kg 2018super.kg акыркы жанылыктарsuper.kg азамат